АЗАҚ калкынын дулдун акыны, коомдук ишмери
Ілияс Жансүгүровдун 125 жылдыгынын урматына арналган
Арман
Мезгил барбы кутулар,
Чынжырланган тагдырдан?
Бир да ой жок умтулаар,
Татаал тагдыр адаттан.
Кайрымы жок чынжырга,
Байкабастан чалдырган.
Колу, башы чырмалган,
Какшайт зардан жаш улан.
Термелет тынбай жаш шибер,
Суук желге майышып.
Титирейт ушул жарык күн,
Көтөрбөй бели кайышып,
Ажарлуу, нурлуу жаш кайың.
Заман менен алышып,
Көңүл кургур миң соолуп.
Ылдам сууп, жай ысып.
Ырчыга
Ырга кумар көңүлүм, обон жыттап,
Обон созсоң элжиреп көңүл жыргап.
Ырды сүйөм, жылуу көңүл, сөздөр тыңшап,
Жылпыңдап жылуу сөздү неге унутаар?
Ой козгоп, тамырды солкулдатар,
Жүрөктү терметип, ич жылытар.
Кайгы, муңду умутуп толкундатар;
Асманга, айга, көккө добуш чуркап,
Калкып алып көмөкөйдү созолонтуп.
Зарыккандын эки көзүн мөлтүрөтүп,
Ырчылар ырдаганда көптү термеп.
Бал берип, терметип бир тынчытаар.
Аударган
ПЕРИЗАТ АЛМАЗ КЫЗЫ